Blog Image

КМУда “Акыл тирек” интеллектуалдык оюну өттү

24-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Акыл тирек” интеллектуалдык оюну өттү. Иш-чара КМУнун Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмү, “Агартуу лигасы” калкты агартуу долбоору жана МТМИнин студенттик кеңеши тарабынан өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Иш-чаранын негизги максаты курамдар арасындагы ынтымакты жана достукту бекемдөө, студенттердин лидерлик сапаттарын өркүндөтүү, ошондой эле, интеллектуалдык ой жүгүртүүнү өстүрүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, студенттер ар кандай категориялар боюнча суроолорго жооп берип, командалардын интеллектуалдык деңгээлин текшерүүгө шарт түзүлдү.

Жыйынтыгы боюнча эң көп балл топтогон үч команда жеңүүчү деп табылып, жеңүүчүлөр сыйлыктар менен сыйланды.

И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери үчүн мындай интеллектуалдык оюндардын өткөрүлүшү билим алуу процессин кызыктуу кылып, алардын командалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, лидерлик сапатынын калыптанышына жана интеллектуалдык деңгээлинин жогорулашына чоң салым кошот.