КМУда «Акыл Тирек» интеллектуалдык оюну өттү
Бүгүн, 5-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Акыл Тирек» интеллектуалдык оюну өттү.
«Акыл Тирек» интеллектуалдык оюнуна 9 команда катышып, өздөрүнүн мыкты билимдерин, логикасын жана аң-сезимдүүлүгүн көрсөтүштү.
Оюндун жыйынтыгы боюнча 1-орунду “Сырдуу формула” командасы (Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту), 2-орунду «Каганат» командасы жана 3-орунду «Легенда» командасы (Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту) ээледи.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Бул иш-чара университеттин студенттеринин интеллектуалдык потенциалын көрсөтүп, командалык иштеринин маанилүүлүгүн далилдеди.