Blog Image

КМУда “Алты дюйм топурак” аталышында даректүү тасма көрсөтүлдү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Алты дюйм топурак” аталышында даректүү тасма көрсөтүлдү.

Иш-чара Табигый илимдер жана туризм институтунун алдындагы “Жашыл технологиялар жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу” борбору жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, ага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер, топурак таануу боюнча эксперт Юсуп Таширов жана КМУнун Эл аралык коммуникация жана инвестиция боюнча проректору Гульназ Жалилова катышты.

Бул тасманын негизги максаты – регенеративдик айыл чарба ыкмаларын колдонуу аркылуу топурактын сапатын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экосистеманын туруктуулугун камсыз кылуу. Регенеративдик айыл чарба салттуу дыйканчылыкка салыштырмалуу топуракты сактоо жана жаратылыш ресурстарын коргоого багытталган.

Позвонить