Blog Image

КМУда «Алтын күз» сулуулук жана талант сынагы өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика жана психология институтунун мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасы тарабынан «Алтын күз» сулуулук жана талант сынагы уюштурулду.

Иш-чаранын максаты: студенттердин чыгармачыл жөндөмүн ачуу, таланты менен табитин өркүндөтүү, эстетикалык тарбия берүү жана активдүү социалдашууга шыктандыруу.

«Алтын күз» сулуулук жана талант сынагына 1, 2, 3-курстарынын студенттери “Эдельвейс”, “Магия осени”, “Ак шоола”, “Лучи осени” аталышында 4 команда болуп катышышты.

Иш-чарада саламдашуу, көркөм окуу, күзгү көрк (кол өнөрчүлүк), салат (даамдуу жана көрктүү салат жасап тартуулоо), күзгү бий, күзгү сулуулук парады, акыл казынасы (логикага суроолор) аталышында тапшырмаларды аткарды.

Иш-чаранын жыйынтыгында ар бир команданын чыгармачылыгы жана таланты бааланып I, II, III даражадагы дипломдор жана акчалай белек менен сыйланышты.

Андан тышкары өзгөчө стили жана фантазиясы менен оригиналдуу образ жараткандыгы үчүн «Эң чыгармачыл образ», чыгармачылыгын жогорку деңгээлде көрсөткөндүгү үчүн “Эң таланттуу катышуучу”, көрүнүктүү жана жарашыктуу образ жараткандыгы үчүн “Эң кооз кийим” ж.б. номинациялар ыйгарылды.

Мындай иш-чаралар студенттердин чыгармачылыгын арттырууга жана кесипке болгон сүйүүсүн күчөтүүгө өбөлгө түзөт.

Иш-чара КМУнун педагогика жана психология институту тарабынан даярдалды.

Позвонить