Blog Image

КМУда  “Алыкул Осмоновдун көркөм дүйнөсү” аталышында семинар-тренинг өттү

И. Арабаев атындагы  КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунда доцент А. Каныбекова “Алыкул Осмоновдун көркөм дүйнөсү” аталышында семинар-тренинг өттү. Семинар-тренингке өлкө боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрү, орто-кесиптик билим берүүчү (колледж) окуу жайлардын студенттери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз поэзиясынын жаңы доорун ачкан улуу акын Алыкул Осмонов тууралуу баяндамалар жасалып,  ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлары аткарылды. Ошондой эле, акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу ар кандай инновациялык методдор колдонулуп, кенен маалымат берилди.

Иш-чаранын максаты акындын чыгармачылыгын окуп үйрөтүү менен жаштарга тарбия берүү. Ошондой эле, өмүрдү, турмушту баалай билүүгө жана Ата Мекенди сүйүүгө үйрөтүү болуп саналат.

Семинар-тренингке  активдүү катышкан студенттерге сертификаттар жана китептер тапшырылды.