КМУда “Андрагогиканын өнүгүүсү” боюнча илимий-практикалык конференция өттү
Бүгүн, 10-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кыргыз Республикасында андрагогиканын өнүгүүсү: шарттар жана чакырыктар” аталышында илимий-практикалык конференция өтүүдө. Конференцияга КМУнун окутуучулары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, билим берүү тармагында чоң мааниге ээ болгон темалар талкууланды.
Иш-чаранын IV сессиясында катышуучулар Кыргыз Республикасындагы билим берүүнүн системасы үчүн андрагогиканы өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча пикир алышып, интерактивдүү талкуулар уюштурулду.
Кыргызстандагы Билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Масума Баширова андрагогияны жайылтуу үчүн жумушчу топ түзүүнүн зарылдыгын белгилеп, бул багыттагы негизги кесиптер жана ишмердүүлүктүн стандарттарын аныктоо тууралуу баяндама жасады.