Blog Image

КМУда англис тили жумалыгы өттү

Бүгүн, 10-март күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Англис тили жумалыгы өттү.

Иш-чара чет тилдер декадасынын алкагында уюштурулуп, окутуучу Алиман Эсенаманова “Адам” (Person) аталышында лекция өттү.

Иш-чарага КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Лекциянын жүрүшүндө адамдын психологиялык жана социалдык абалы, анын коомдогу ролу жана өз ара мамилелери тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын максаты: студенттердин чет тилдерге болгон кызыгуусун арттыруу, аларга профессионалдык жана жеке өнүгүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле университеттин билим берүү сапатын жогорулатуу.

Иш-чара КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулду.