КМУда англис тили жумалыгы өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде англис тили жумалыгы өттү.
Иш-чарага КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чара чет тилдер декадасынын алкагында уюштурулуп, «Best Singer», «Art Day», «I Love the English Language» аталышында конкурстар өткөрүлуп, катышуучулар англис тили тууралуу өздөрүнүн эмгектерин тартуулашты.
Ошондой эле, “Why do I learn English” аталышында эссе жазуу сынагы өткөрүлүп, 17 студент катышты. Жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Иш-чаранын максаты: студенттердин чет тилдерге болгон кызыгуусун арттыруу, аларга профессионалдык жана жеке өнүгүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле университеттин билим берүү сапатын жогорулатуу.
Иш-чара КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулду.