Blog Image

КМУда англис тили жумалыгынын алкагында "Нооруз шаңы" аталышында иш-чара өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде англис тили жумалыгынын алкагында Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Чет тилдеринин практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары Н.Жилкибаева, Н.Таирова, Н.Курманбековалар "Нооруз шаңы" аталышында иш-чара өткөрүштү. Иш-чара чет тилдер декадасынын алкагында уюштурулуп, анда Табигый илимдер жана туризм институту, Физика-математика факультети жана Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттери катышты. Студенттер ар тараптуу таланттарын көрсөтүп жана англис тилинде ырларды аткарып, англис тилин жакшы өздөштүрүп жаткандарын көрсөтө алышты.

Иш-чаранын максаты: кесиптик окуусу англис тили болбогон адистиктерге тилди өздөштүрүүгө мотивация берүү жана жеке өнүгүүгө көмөк көрсөтүү.

Иш-чара Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИ тарабынан уюштурулган.