КМУда “Англис тилин окутуудагы стационардык оюндар” жана “Иш-аракеттер планынын сунуштарын кантип түзүү керек” темаларында тренинг өттү
Бүгүн, 10-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда “Англис тилин окутуудагы стационардык оюндар” жана “Иш-аракеттер планынын сунуштарын кантип түзүү керек” темасында тренинг өттү.
Тренинг ОшМУнун Филология жана эл аралык коммуникация институтунун ага окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты Бурулча Койлубаева тарабынан өткөрүлүп, иш-чарага институттун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө окутуунун заманбап методдору, студенттердин окууга болгон кызыгуусун жогорулатуу жолдору жана долбоордук иштердин этаптарын натыйжалуу башкаруу, ошондой эле, жаңы ыкмаларды өз ишинде колдонуу боюнча маалыматтар берилди.
Бул иш-чара окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.