КМУда англис тилин окутуунун заманбап ыкмалары боюнча тренинг өтүүдө
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Introduction to Social-Emotional Learning (SEL) and Communicative Language Teaching” аталышында англис тилин окутуунун методикасы боюнча тренинг өтүүдө. Иш-чарага КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Дурус Козуев, Ш.Кадырова атындагы дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер иниститутунун профессордук окутуучулар курамы катышууда.
Тренингдин негизги максаты: SEL — социалдык-эмоционалдык окутуунун негизги принциптерин түшүндүрүү, англис тилин үйрөтүүдө SEL элементтерин интеграциялоонун практикалык ыкмаларын үйрөтүү, мугалимдердин социалдык-эмоционалдык окутуу (SEL) жана тилди коммуникативдик ыкма менен окутуу багытындагы көндүмдөрүн жана билимдерин өркүндөтүү.
Иш-чара КМУнун Ш.Кадырова атындагы дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер иниституту жана “Лингва” инновациялык коомдук билим берүү фонду менен биргеликте уюштурулду.