Blog Image

КМУда "Англис тилин үйрөнөбүз" аталышындагы курстун биринчи этабы ийгиликтүү аяктады

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда "Англис тилин үйрөнөбүз" аталышындагы курстун биринчи этабы ийгиликтүү аяктады.

Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Курстун алгачкы бөлүгүндө катышуучулар англис тилинин негиздерин, грамматикасын, лексикасын жана сүйлөм түзүү жөндөмдөрүн үйрөнүштү. Ошондой эле, теориялык жана практикалык көндүмдөр аткарылып, өз ойлорун эркин билдирүүгө аракет кылышты.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Иш-чара Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулду.