Blog Image

КМУда англис тилин үйрөнүүгө арналган конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Борбордук Азиядагы Америка университетинин доценти Нурмира Жамангулова “9 айдын аралыгында англис тилин үйрөнүү: A0дон B2ге чейин” аталышында конок-лекция өттү.

Конок-лекцияга КМУнун Ш.Кадырова атындагы дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Индиана университетинин изилдөөчүсү Нурмира Жамангулова англис тилин кыска убакыт ичинде натыйжалуу үйрөнүү ыкмалары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле, мастер-класс уюштурулуп, студенттер суроо-жооп форматында баарлашты.

Иш-чара КМУнун Ш.Кадырова атындагы дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун чет тилдери орто кесиптик билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Позвонить