КМУда “Антибактериялык касиетке ээ болгон нанобөлүкчөлөрдү алуу” аталышында конок-лекция өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти Эмил Омурзак уулу “Антибактериялык касиетке ээ болгон нанобөлүкчөлөрдү алуу” аталышында конок-лекция өттү. Иш-чара Химия жумалыгынын алкагында уюштурулуп, КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Лекциянын жүрүшүндө антибактериалдык нанобөлүкчөлөрдү импульстук плазма ыкмасы менен алуу жана аларды айыл-чарбада, медицинада, текстилде жана башка тармактарда колдонуу жолдору тууралуу маалымат берилди.
Иш-чара КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулду.