КМУда “Антибиотиктер жана алардын таасир этүү механизми” аталышында ачык лекция өттү
18-ноябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жарыяланган “Антибиотиктерди туура пайдалануу” жумалыгынын алкагында биология илимдеринин кандидаты Салкын Бейшеналиева “Антибиотиктер жана алардын таасир этүү механизми” аталышында ачык лекция өттү.
Иш-чарага Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Гульназ Жалилова, педагогика илимдеринин кандидаты Майрамкүл Кырбашова, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чарада антибиотиктердин пайда болушу, алардын продуценттери, таасир этүү механизмдери жана туура пайдалануу жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди.
Бул иш-чара студенттерге антибиотиктерди туура пайдалануунун маанилүүлүгүн түшүндүрүп, алардын бул жааттагы билим деңгээлин жогорулатууга багытталган.
Иш-чара Табигый илимдер жана туризм институту тарабынан уюштурулду.