Blog Image

КМУда "Ар улуттун маданияты" аталышында маданий иш-чара өттү

20-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн Гуманитардык жана табигый математикалык дисциплиналар бөлүмүнүн март айындагы декадасынын алкагында 1-курстарынын арасында “Ар улуттун маданияты” аталышында конкурс өттү. Маданий иш-чарада ар бир улуттун саламдашуусу, ар улуттун тамактарынын көргөзмөсү жана ар улуттун ыр-бийи көрсөтүлдү. Конкурстун жыйынтыгында жеңүүчүлөр белектер менен сыйланды. Иш-чара Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулган.