Blog Image

КМУда Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата «Мекенди коргоо-ыйык милдет» аталышында иш-чара уюштурулду

И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институту 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата «Мекенди коргоо-ыйык милдет» аталышында иш-чара уюштурду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкерлери жана Д.Асанов атындагы Аскер лицейинин курсанттары конок болушту. Алар өздөрүнүн ыр белегин тартуулашты. Иш-чара коноктордун жана окутуучулардын куттуктоо сөздөрү  айтылып, таланттуу студенттердин ыр, бийлери менен коштолду.