Blog Image

КМУда “Ата Журтту барктайлы, эне тилди даңктайлы” аталышында куратордук саат өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 270 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Табигый илимдер жана туризм институтунун профессор М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын ага октуучусу Аида Нурманбетова “Ата Журтту барктайлы, эне тилди даңктайлы” аталышында куратордук саат өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн улут лидерлери, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгү тууралуу тасма көрсөтүлүп, катышуучуларга тарыхый маалыматтар берилди.

Иш-чаранын алкагында коомдук ишмер Аскар Салымбеков жана тарыхчы-окумуштуу Жумагул Байдилдеев тарабынан даярдалган “Мамлекеттүүлүк башатында” аталышында китеп менен таанышуу уюштурулуп, анын айрым үзүндүлөрү окулду.

Иш-чара Табигый илимдер жана туризм институту тарабынан уюштурулду.