Blog Image

КМУда атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын түзүлгөндүгүнүн 40 жылдыгына карата эл аралык ИПК өтүүдө

Бүгүн, 15-ноябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине жана атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын түзүлгөндүгүнүн 40 жылдыгына карата «Кыргыз Республикасындагы атайын жана инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги» аталашында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Иш-чара “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда өтүп, ага КМУнун илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку жана орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Хадича Шамбеталиева, КМУнун илим, эл аралык коммуникациялар жана инновация боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева, Е.А. Букетов атындагы Караганды мамлекеттик университетинин Атайын жана инклюзивдик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагуль Рымханова, «Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү» фондунун президенти Толкунбек Исаков жана башка билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышууда.