КМУда Австрия китепканасы ачылды
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Австрия китепканасынын ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага КМУнун илим жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Австрия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин кеңешчиси Фридц Покорный катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык келишимине кол коюлду.
Бул келишим билим берүү, илим жана маданият жаатындагы байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.