Blog Image

КМУда аялдардын жана балдардын укуктары боюнча конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетиндеИ.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо боюнча эксперти Айбек Бекитаев аялдардын жана балдардын укуктары боюнча конок-лекция өттү.  

Конок-лекцияга Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын журүшүндө аялдардын жана балдардын укуктары, аларды коргоо жолдору, ошондой эле, адам укуктарын илгерилетүүдөгү билим берүү мекемелеринин жана жаштардын орду тууралуу кеңири маалымат берди.

Иш-чара КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун жалпы тарых жана эл аралык мамилелер кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Позвонить