Blog Image

КМУда «Азыктануу жана анын көйгөйлөрү» аттуу илимий кружок өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын проф.м.а. С.Т. Бейшеналиеванын жетекчилигинде «Азыктануу жана анын көйгөйлөрү» аттуу илимий кружок өттү. Ага аталган институттун окутуучулары, магистранттары жана студенттери катышты. Илимий кружок студенттерге туура азыктануу бул дени сак жашоонун негизи экендигин ачып көрсөтүүгө багытталган. Ага ылайык, атайын анкета даярдалып студенттерди анкетирлөө жүргүзүлүп, жыйынтыгы чыгарылды. «Нутрициология илиминин өнүгүү тарыхы», «Азыктануу жана анын көйгөйлөрү» боюнча докладдар окулду.