Blog Image

КМУда «Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын эмгектерин түбөлүккө калтыруу» аталышында иш-чара өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын эмгектерин түбөлүккө калтыруу» аталышында иш-чара өттү. Иш-чарага Ооган согушунун ардагерлери Асылбек Өмүрбеков, Кабылбек Абдиваитов, Бакытбек Абдыкеримов, КМУнун Физика-математика факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын максаты: Ооган согушунун ардагерлери менен биргеликте студенттерге патриоттуулукту үйрөтүү, өлкөбүздүн улуу тарыхын жана элибиздин эрдиктерин урматтоо.

Иш-чаранын жүрүшүндө ардагерлер өздөрүнүн согуштагы катаал күндөрү тууралуу айтып беришти. Ошондой эле, мекенди сүйүү, патриоттуулук жана улуттук баалуулуктарды сактоо мааниси тууралуу ой бөлүштү.

Бул иш-чара студенттерге чоң тарбиялык мааниге ээ болуп, аларды кыргыз элинин улуу тарыхын, мекенге болгон сүйүүсүн терең түшүнүүгө шыктандырып, келечектеги мамлекет куруучулары катары жоопкерчилик сезимин калыптандырууга өбөлгө түздү.

Иш-чара КМУнун Физика-математика факультети тарабынан уюштурулду.