КМУда «Азыркы учурдагы эмдөөнүн актуалдуулугу» аталышында иш-чара өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Айжан Боогачиева «Азыркы учурдагы эмдөөнүн актуалдуулугу» аталышында иш-чара өткөрдү.
Иш-чарага Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Илимий ийримдин алкагында “Кыргызстандагы биринчи эмдөө – биринчи жеңиш”, “Эмдөө - ден соолукту чыңдоонун эң натыйжалуу жолу” аталышындагы сурамжылоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берилди.
Бул иш-чара эмдөөнүн ден соолукка тийгизген пайдасы, анын жарандардын саламаттыгын сактоодо жана өнүгүүсүндө камтылган ролу жана Кыргызстандагы эмдөө тармагынын актуалдуулугу талкууланды.
Иш-чара КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулду.