Blog Image

КМУда “Азыркы жаштардын дин таанымын туура багыттоо” аталышында семинар өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын ага окутуучусу Идрисов Медербек "Азыркы жаштардын дин таанымын туура багыттоо" аталышында семинар өттү.

Иш-чарага Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын негизги максаты: студенттерди экстремизм жана терроризмдин терс таасирлеринен коргоо жана алдын алуу. Семинарда диний экстремизмдин кесепеттерине көңүл бурулуп, жаштарды туура дин таанымына багыттоо боюнча маалымат берилди.

Мындай семинарлар студенттердин коомдук жоопкерчилигин жогорулатып, экстремизм жана терроризмге каршы туруу боюнча билимдерин кеңейтүүгө чоң өбөлгө түзөт.