КМУда бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу өттү.
Жолугушууга КМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек, Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Максат Толоев жана курам жетекчилер катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр менен байланыш механизмдери, ассоциациянын алдыдагы иш-пландары жана курамдардын активдүүлүгүн арттыруу маселелери талкууланды.



