КМУда Бүткүл дүйнөлүк Китеп күнүнө карата “Университеттин сыймыктуу окумуштуулары” аталышында китеп көргөзмөсү ачылды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө жана КМУнун 80 жылдыгына карата “Университеттин сыймыктуу окумуштуулары” аталышында иш-чара өттү.
Иш-чарага КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын маданий программасында “Жаш калемгер” адабий ийриминин катышуучулары автордук ырларын көркөм окушту. Ошондой эле, студенттер Актан Табалды уулу - “Ак тилек”, Гүлназ Мурадил - “Мугалим”, Мээрим Тилебалдиева - “Жаз”, магистрант Умарали уулу Исмадияр (КЭР) - “Барам сага” чыгармаларын аткарышты.
Китеп күнүнѳ арналган иш чарага Бишкек шаарындагы “Аруулан” китеп дүкөнү катышты.
Иш-чара КМУнун Илимий китепканасы тарабынан уюштурулду.