КМУда Бүткүл дүйнөлүк КИЖСке каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк КИЖСке каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара өттү. Иш-чаранын алкагында И.Ахунбаев атындагы Кыргыз улуттук медициналык академиясынын Микробиология, вирусология жана иммунология кафедрасынын доценти Адалят Мырзакулова жана Микробиология, вирусология жана иммунология кафедрасынын окутуучусу Акбар Джумаев “ЖОЖдор КИЖСке каршы”аталышында лекция окуду.
Иш-чараны Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмү уюштуруп, ага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө КИЖС (Кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому) жана АИВ-инфекциясынын себептери, жугуштуу оорулардын алдын алуу жолдору жана ушул вирустарга каршы күрөшүүнүн мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.
Аталган иш-чара дүйнө жүзүндө тездик менен өнүгүп жаткан вирустук оорулардын алдын алууга, студенттерди өздүк гигиенаны сактоого жана тазалыкка чакырууга багытталган.