КМУда Бүткүл дүйнөлүк тамеки тартууга каршы күнү белгиленди
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Бүткүл дүйнөлүк тамеки тартууга каршы күнүнө карата «Тамекинин зыяндуулугу жана адепсиздик» аталышында иш-чара өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге тамекинин ден соолукка тийгизген терс таасирлери жана анын кесепеттери тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
Бул иш-чаранын максаты: жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана тамеки тартуунун зыяндуулугу тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу.
Иш-чара жаштар менен жүргүзүлүүчү иш-чаралардын атайын түзүлгөн иш планынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн жана атмосферадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» буйругун ишке ашыруу максатында уюштурулду.