КМУда “Бакдөөлөт” коомдук фондунун өкүлдөрү нарк-насилге байланыштуу конок лекция өтүштү
31-октябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Бакдөөлөт” коомдук фондунун өкүлдөрү Абасбек Усубалиев “Улуттун уулун кантип тарбиялоо керек?” жана Жанболот Бейшебаев “Кыргыздын дүйнөтаанымы” аталышында конок-лекцияларды өтүштү. Ага окутуучулар, студенттер катышып, аталган темалардын тегерегинде ой бөлүшүштү. Кыргыздын маданиятын, улуттук баалуулуктарын сактоодо аталган фонддун аткарган иштери арбын.
Конок-лекция КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулган.