Blog Image

КМУда «Бала бакчада көп тилдүү билим берүүнү уюштуруу» аталышында конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы Н.Э. Абдраева жана доцент Э.К. Омуралиева «Бала бакчада көп тилдүү билим берүүнү уюштуруу» аталышында конок-лекция өтүштү.

Иш-чара КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинде өтүп, ага колледждин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Конок-лекциянын жүрүшүндө бала бакчада көп тилдүү билим берүү, анын өзгөчөлүктөрү жана методикалык багыттары тууралуу маалымат берилди.

Мындай иш-чаралар студенттердин академиялык өсүшүнө жана профессионалдык даярдыгына чоң салым кошот.

Позвонить