КМУда бала тарбиялоодогу өзгөчөлүктөр боюнча тренинг өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Япониянын «Балдардын келечеги» Ассоциациясынын аткаруучу директору, билим берүү боюнча эксперт Мороока Такааки тарабынан «Япониянын билим берүү системасы: 12 жылдык билим берүүгө жаңы кадамдар» аталышында тренинг өттү.
Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, профессордук-окутуучулар курамы жана билим берүү тармагындагы адистер катышты.
Тренингдин жүрүшүндө жапон билим берүү системасынын ийгиликтүү модели, бала тарбиялоодогу өзгөчө мамиле жана эффективдүү ыкмалар тууралуу практикалык жана теориялык маалыматтар сунушталды.
Бул иш-чара билим берүү жаатында эл аралык тажрыйба алмашууну күчөтүүгө жана окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган.