Blog Image

КМУда балдар жазуучусу Аман Кармышаковдун чыгармачылык кечеси өттү

28-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунда балдар жазуучусу Аман Кармышаков жана акын Күлсүнкүл Соорбекованын чыгармачылык кечеси өттү. Чыгармачылык кечеге институттун директору Г .Казиева, орун басары К. Арыпбекова, кафедра башчысы М. Куканова жана профессордук-окутуучулар курамы, ошондой эле, студенттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер алардын чыгармачылыгы менен таанышып, Аман Кармышаковдун сүрөтчүлүк, аңгеме-жомокчулук жана сатираларына саякат жасады. Студенттер тарабынан жазуучунун “Хан дарбыз” аталышындагы жомогу сахналаштырылып, көркөм окулуп,  ыр, күү,  бийлер  менен коштолду. Жыйынтыгында балдар жазуучусу Аман Кармышаков жана акын Күлсүнкүл Соорбекова өздөрүнүн балдарга арналган китептерин, жыйнактарын  китепкана башчысы С.Карагозиевага тапшырды.