Blog Image

КМУда "Банги каражаттарын жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу" аталышында конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда КРнын Ички иштер министрлигинин майору Наркул Джоробаев "Банги каражаттарын жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу" аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чарага КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Конок-лекциянын жүрүшүндө баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнүн коомго тийгизген кесепеттери, укуктук жөнгө салуу механизмдери, укук коргоо органдарынын тажрыйбалары жана учурдагы мыйзамдык өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын негизги максаты: жаштарды укуктук аң-сезимди өркүндөтүүгө жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маалыматтуулугун жогорулатууга чакыруу.

Иш-чара Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.