Blog Image

КМУда «Башталгыч мектепте интеграциялык окутууну уюштуруу» аталышында конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары» кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Сайипжамал Сакиева «Башталгыч мектепте интеграциялык окутууну уюштуруу» аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чарага КМУнун педагогика жана психология институтунун студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тили менен адабий окуу сабагын интеграциялап окутууда колдонулуучу заманбап методдор, окутуунун эффективдүү ыкмалары жана мугалимдин чыгармачыл мамилеси тууралуу маалыматтар берилди.

Иш-чара КМУнун педагогика жана психология институтунун «Башталгыч мектепте кыргыз, орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Позвонить