КМУда Баткенден келген окуучуларга арналган кесипке багыт берүү иш-чарасы өттү
31-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Баткен шаарынын Кызыл-Жол орто мектебинин 11-классынын окуучуларына арналган кесипке багыт берүү иш-чарасы өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук-окутуучулар курамы окуучуларды институттун тарыхы, окутуу программалары жана заманбап лабораториялары менен тааныштырды. Окуучулар кесип тандоонун маанилүүлүгү жана билим алуу аркылуу кандай мүмкүнчүлүктөргө жетүү мүмкүн экени жөнүндө кеңири маалымат алышты. Иш-чаранын негизги максаты - окуучуларга кесип тандоо боюнча кеңеш берип, келечектеги окуу жана иш багыттарын аныктоого жардам берүү.
Иш-чара Табигый илимдер жана туризм институту тарабынан уюштурулду.