КМУда белгилүү коомдук жана саясий ишмер Топчубек Тургуналиев атындагы “Манастаануу” борбору ачылды
Бүгүн, 15-ноябрь күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде белгилүү коомдук жана саясий ишмер, философия илимдеринин кандидаты, И. Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору Топчубек Тургуналиев атындагы “Манас таануу” борбору ачылды. Анын демилгечиси болгон Мамлекеттик тил жана маданият институтунун тутумунда иш алып барган манастаануу кафедрасында аталган инсан бир кезде эмгектенип, аны институтка, андан ары Манас академиясына айланткан учурлар бар. Борбордун ачылышына республикадагы көрүнүктүү илимпоздор, коомдук ишмерлер, Т.Тургуналиевдин өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү жана университеттин, анын ичинде аталган институттун профессордук-окутучулук жамааты менен студенттер катышты. Атайын лента кесилип, катышуучулар аталган инсандын өмүрү, чыгармачылыгы, ишмердиги тууралуу жылуу эскеришти.
Борбор “Манас” эпосун изилдөө жана жайылтуу максатында түзүлүп, кыргыз маданиятын жана улуттук баалуулуктарын окутуу ишине чоң салым кошуу менен кыргыз руханий мурасын өркүндөтүүгө жана кийинки муунга тарыхый, маданий баалуулуктарды жеткирүүгө шарт түзөт.