КМУда белгилүү тарыхчы Анна Эспарса "Маданият менеджменти же акылдуу болуу мода" аталышында мультимедиялык семинар өттү
25-апрель күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Орус филологиясы факультети тарабынан уюштурулган семинар өттү. "Маданият менеджменти же акылдуу болуу мода" аталышында мультимедиялык семинарды белгилүү тарыхчы, маданият таануучу, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетинин окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты Анна Эспарса өттү. Лектор “Жаш котормочу мектеби” эл аралык долбоорунун автору.
Анна Эспарса өзү ишке ашырып жаткан эл аралык масштабдуу долбоорлордун мисалында маданият тууралуу кеңири коомчулукка айтып берүү канчалык кызыктуу жана жеткиликтүү экенин көрсөттү. Лектор семинардын катышуучуларына «Жаш котормочулардын мектеби» эл аралык маданий-агартуу долбоорун тартуулады. Аталган долбоор өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды түзүүгө жана чыңдоого жана илим, искусство жана бизнес чөйрөсүндө эл аралык долбоорлорду түзүүгө жөндөмдүү жаштардын интеллектуалдык бирикмесин калыптандырууга салым кошкон чыгармачыл коммуникация чөйрөсүн түзүүгө багытталган.
Анна Эспарса МТМИнин окутуучуларына жана студенттерине өзү жетектеген Котормочулар институтунун жыл сайын өтүүчү “Жаш котормочулар” сынагына катышуу боюнча долбоорун презентациялап, быйыл өтө турган сынакка чакырып кетти.
Анна Андреевна Эспарса – көп кырдуу, ар тармактуу эксперт, эл аралык көргөзмөлөрдүн жана маданий-агартуу долбоорлорунун куратору, Москванын музейлериндеги интерактивдүү тарыхый лекциялардын сериясынын автору, документалдык фильмдердин жана спектаклдердин режиссеру.