КМУда “ベンロン大会” (Бенрон Тайкай) аталышында чечендик өнөр сынагы өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунда “ベンロン大会” (Бенрон Тайкай) аталышында чечендик өнөр сынагы өттү.
Иш-чара жазуу түрүндө өтүп, катышуучулар эркин темада дилбаян жазып, аны баяндап беришти.
Катышуучулардын эмгектери калыстар тобу тарабынан бааланып, жыйынтыгы чыгарылды. Жеңүүчүлөргө Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров сыйлыктарды тапшырды.
Бул иш-чаранын негизги максаты: студенттердин тилин жана чечендик өнөрүн өркүндөтүү.
Сынак алгач институттун ичинде, андан кийин ЖОЖдор аралык, республикалык жана эл аралык деңгээлде өткөрүлөт.
Иш-чара студенттердин тилдик деңгээлин текшерүүгө жана япон тилинде эркин сүйлөөгө жана жазууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.