КМУда “Билим берүүдөгү философиянын дүйнө караштык жана методологиялык функциялары” аталышында эл аралык ИПК өз ишин баштады
Бүгүн, 23-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына арналган “Билим берүүдөгү философиянын дүйнө караштык жана методологиялык функциялары” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады.
Конференцияга КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, КР УИАнын А.Алтмышбаев атындагы философия институтунун директору, профессор Нур Саралаев, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, КР УИА, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Турциянын философ-окумуштуулары жана Бүткүл дүйнөлүк философиялык форумдун өкүлдөрү, ошондой эле, Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы философия, саясат таануу жана дин таануу институнунун Философия борборунун жетекчиси Серик Нурмуратов, Бүткүл дүйнөлүк философия форумунун президенти Игорь Кондрашин, Бердах атындагы Каракалпак мамлекеттик университетинин профессору Рустем Реимов, Наманган мамлекеттик университетинин профессору Шухратжан Хайдаралиев, Аль-Фараби атындагы КазУУнун доценти Сания Едильбаева, Фергана мамлекеттик университетинин доценти Серобжон Юлдашев баштаган ж.б. оффлайн жана онлайн режиминде катышууда.
ИПКнын пленардык жыйынында КР УИАнын А. Алтмышбаев атындагы философия институтунун директору Нур Саралаев, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, Кыргыз-Түрк Манас Университетинин философия бөлүмүнүн башчысы, профессор Жамгырбек Бөкөшов, Бердах атындагы Каракалпак мамлекеттик университетинин профессору Рустем Реимов, Мирас университетинин доценти Гаухар Абдрасиловалар илимий докладдарын окушту.
Иш-чара Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Философия жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасы тарабынан уюштурулган.