Blog Image

КМУда “Билим берүүдөгү Сингапур методикасы” аталышында семинар өттү

Бүгүн, 28-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун, Табигый илимдер жана туризм институтунун, Педагогика жана психология институтунун студенттери үчүн программист-тренер Бактыгул Атаев “Билим берүүдөгү Сингапур методикасы” аталышында семинар өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Сингапур методикасынын өзгөчөлүктөрү жана анын билим берүү процессиндеги натыйжалуулугу боюнча маалымат берилди. Иш-чара студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга жана заманбап ыкмаларды өздөштүрүүгө багытталган.

Семинар КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.