Blog Image

КМУда «Билим берүүдөгү туруктуу өнүгүүнүн максаттары» аталышында семинар-тренинг өтүүдө

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Билим берүүдөгү туруктуу өнүгүүнүн максаттары» аталышында интерактивдүү семинар-тренинг өтүүдө.

Иш-чарага КМУнун М.Р.Рахимова атындагы кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Раушанбек Зайниев, профессордук-октуучулар курамы жана студенттер катышууда.

Семинардын жүрүшүндө билим берүүдөгү туруктуу өнүгүүнүн принциптери, экологиялык жана социалдык жоопкерчилик, билим берүү процессиндеги инновациялык ыкмалар жана үйрөнүүгө көмөктөшүүнүн элементтери тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын негизги максаты: туруктуу өнүгүүнүн максаттарын (ТӨМ), алардын билим берүү системасындагы маанисин жана Кыргызстандын контекстиндеги ролун талкуулоо.

Иш-чара КМУнун М.Р.Рахимова атындагы кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан уюштурулду.

Позвонить