Blog Image

КМУда “Билим берүүдө жасалма акыл платформаларын колдонуу” деген темада тренинг өттү

18-январда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетининде онлайн университетинин негиздөөчүсү Элира Турдубаева “Билим берүүдө жасалма акыл платформаларын колдонуу”, “Илимий изилдөө жүргүзүүдө жасалма акыл платформаларын колдонуу”, “Окутууну баалоодо жасалма акыл платформаларын колдонуу” деген темаларда тренинг өттү. Ага окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева катышты.