Blog Image

КМУда билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун отуруму өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде педагогикалык билим берүү багытындагы орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун отуруму өттү.

Иш-чарага КМУнун окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Окуу башкармалыгынын начальниги Эдил Амантур уулу, Аккредитациялоо, лицензиялоо жана билим берүү программаларынын сапатына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Дүйшебаева, Билим берүү программаларын лицензиялоо, аккредитациялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаментинин башкы адиси Кенже Кыдыкбаева жана Окуу инспекциялык бөлүмүнүн башчысы Ш.А. Искендерова катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик стандарттын орто жана жогорку билим берүү багыттарынын долбоорун учурдагы эмгек рыногунун жана педагогикалык билим берүү реформасынын алкагында мезгил керектөөсүнө ылайык келечектеги мугалимдерди даярдоодо кесиптик компетенцияларды туура тандоо менен жаңы стандартты иштеп чыгуу маселелери талкууланды.