Blog Image

КМУнун Теология факультетинин деканы Н. Шамралиев «Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum» аталышындагы эл аралык форумга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Теология факультетинин деканы Нурбек Шамралиев Россия Федерациясынын Казань шаарында өткөн «Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum» аталышындагы XVI эл аралык экономикалык форумга катышты.
Форумдун жүрүшүндө  КМУнун Теология факультетинин деканы Нурбек Шамралиев «Билим берүүдө эки тараптуу кызматташуу жана перспективалар» аталышында баяндама жасап, билим берүү чөйрөсүндөгү жаңы тажрыйбалар менен бөлүштү.
Бул форум Россия Федерациясы тарабынан үюштурулуп, анда Россия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин жана  Ислам кызматташтык уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөрдүн билим берүү тармагындагы өкүлдөрүнүн кызматташтыгын тереңдетүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Позвонить