Blog Image

КМУда билим берүү программаларын аккредитациялоого даярдоо боюнча кеңешме өткөрүлдү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Билим берүү программаларын аккредитациялоо, лицензиялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаменти жана КМУнун Сапат кеңеши тарабынан орто, жогорку, PhD билим берүү программаларын эл аралык жана улуттук аккредитациялоого даярдоо боюнча кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешмеге КМУнун аккредитациялоо, лицензиялоо жана билим берүү программаларынын сапатына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Дүйшебаева, Билим берүү программаларын лицензиялоо, аккредитациялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаментинин башкы адиси Кенже Кыдыкбаева, Сапат кеңешинин төрагасы Назар Догдурбек жана пофессордук-окутуучулар курамы катышты.

Кеңешменин максаты: КМУнун билим берүү программаларын көз карандысыз аккредитация агенттиктеринин минималдуу талаптарына ылайыктап, даярдык иштерин сапаттуу жүргүзүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ББПЛАжСМДнин башчысы Гүлзада Дүйшебаева жана башкы адис Кенже Кыдыкбаева презентация жасап, Сапат кеңешинин төрагасы Назар Догдурбек билим берүү программаларынын сапатын жөнгө салуу боюнча маалымат берди.

Бул кеңешме КМУнун билим берүү системасында сапатты камсыздоо боюнча системалуу иштердин жүрүп жаткандыгын тастыктап, билим берүүнүн деңгээлин эл аралык талаптарга ылайык жогорулатууга шарт түзөт.