Blog Image

КМУда “Билим берүү программаларын аккредитациялоого даярдоонун өзгөчөлүктөрү”  аттуу темада семинар өттү

19-январда И.Арабаев атындагы КМУнун М. Р. Рахимова атындагы кесиптик кошумча билим берүү институтунда Салымбеков университетинин  IT жана бизнес эл аралык колледжинин директору Нурзат Жунушалиева “Билим берүү программаларын аккредитациялоого даярдоонун өзгөчөлүктөрү”  аттуу темада семинар өттү. Семинарга институттун профессордук-окутуучулук курамы жана магистранттары катышып, чет өлкөлөрдө  билим берүү программаларын аккредитациялоонун айырмачылыктары жана даярдоо этаптары жөнүндө кеӊири маалымат алышты.