КМУда билим берүү сапатын камсыз кылуу боюнча өткөрүлгөн семинар-тренинг өз ишин жыйынтыктады
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Улуттук квалификация алкактары: окутуунун альтернативдик жолдорун өнүктүрүүнүн негизи жана кесиптик билим берүүнүн сапатын ички жана тышкы камсыздоонун системалары жана механизмдери” аталашындагы алты күндүк семинар-тренинг өз ишин жыйынтыктады.
Иш-чаранын негизги максаты: билим берүүнүн сапатын камсыздоо механизмдерин өздөштүрүү, окутуунун альтернативдик жолдорун өнүктүрүү, Улуттук квалификация системасынын негизги концепцияларын колдонууну үйрөтүү жана кесиптик билим берүүнүн процессин баалоонун инструменттерин аныктоо.
Катышуучулар төмөнкүдөй көндүмдөрдү өздөштүрдү:
• Билим берүүнүн сапатын камсыздоонун механизмдерин колдонуу;
• Методикалык базаларды колдонуу жана инструменттер алкагында анализ жүргүзүү;
• Билим берүү программаларынын мониторинг жыйынтыгын талдоо жана анын негизинде чечимдерди кабыл алуу;
• Окуу жыйынтыктарын так аныктоо жана минималдуу талаптарды аткаруу боюнча иштерди уюштуруу.
Мындан тышкары, билим берүү системасындагы жаңы укуктук-ченемдик документтердин тиешелүү пункттары талданып, аларды окуу процессине интеграциялоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Семинардын натыйжасында катышуучулар көз карандысыз аккредитация жана сапатты камсыз кылуу боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту.
Семинар КМУнун алдында түзүлгөн көз карандысыз Билим берүү программаларын аккредитациялоо, лицензиялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаменти тарабынан уюштурулган.