КМУда билим сапатын жакшыртууга багытталган жыйын өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде билим берүү программаларынын сапатын жакшыртууга жана жаш окутуучуларга насаатчылык колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн кесипкөйлүк насаатчылар тобунун отуруму өттү.
Иш-чара бир ай ичинде жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын чыгаруу максатында уюштурулуп, ага Кыргыз мамлекеттик университетинде билим берүү программаларын лицензиялоо, аккредитациялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаментинин начальниги Гүлзада Дүйшебаева, Билим берүү программаларын лицензиялоо, аккредитациялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаментинин башкы адиси Кенже Кыдыкбаева, профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Отурумдун жүрүшүндө программалардын сапатын арттыруу багытында жасалган иштер, жаш окутуучуларга методикалык колдоо көрсөтүү боюнча аракеттер жана мындан аркы багыттар тууралуу маселелер талкууланды.
