КМУда "Биология багытындагы студенттерди элдик эпостор жана кыргыздын "Айсанак" календары аркылуу окутуу" аталышында илимий семинар өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында геология илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун ага илимий кызматкери Жумакадыр Карамолдоев "Биология багытындагы студенттерди элдик эпостор жана кыргыздын "Айсанак" календары аркылуу окутуу" аталышында илимий семинар өттү.
Иш-чарага Казакстан Республикасынын Мирас университетинин профессордук-окутуучулар курамы онлайн катышты.
Иш-чаранын максаты: биология багытында билим алган студенттердин табият тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү жана кыргыз элинин байыркы билимин окуу процессине киргизүү.
Семинардын жүрүшүндө кыргыз эпосторунда жана "Айсанак" календарында кездешкен табигый кубулуштар, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, "Айсанак" календары кыргыз элинин байыркы мезгилдик байкоолоруна негизделгендиги, ал чарбачылык иштерди жүргүзүүдө колдонулгандыгы тууралуу маалымат берилди.
Иш-чара КМУнун Табигый илимдер жана туризм институту тарабынан уюштурулду.